• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Матраимовдун арызын карабай койгон комиссиянын төрагасы алмашты

16 Бештин айы 2019 15:24 Бишкек Govori.TV

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга Тамара Валиева төрайым болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Анын талапкерлигин комиссия мүчөлөрүнүн баары колдогон. Ал эми мурдагы төрага Шамарал Майчиев башка жумуштар менен көбүрөөк алек болуп жаткандыктан өз каалоосу менен төрагалыктан кетерин, бирок комиссия курамында кала берерин 2019-жылдын октябрында билдирген.

Тамара Валиева декабрдан тарта төрайым катары арыздарды кароо жараянын башкарууда. Ал ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга бейөкмөт уюмдун өкүлү катары 2012-жылдан бери мүчө. Мурда Коомдук телерадикорпорацияда иштеген.

Количество просмотров: 109