• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Матраимовдун иши Жапаров менен Ташиевге сыноо…

26 Бирдин айы 2021 20:37 Бишкек Govori.TV

УКМКнын тергөө абагына жаткан бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов жеке менчик клиникалардын бирине дарыланууга чыгарылганы, а түгүл дарылануу үчүн че өлкөгө кетет деген да маалыматтар айтылууда. Бирок, УКМК маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.  Анын кандай себеп менен ооруканага түшкөнү да белгисиз.

Бул албетте коомчулуктун сынына жем таштады. Айрымда камактан кутулуу аракети деп да баалашууда.

Саясий мүнөздө абакка камалып чыккан саясатчы Бектур Асанов Матраимовдун жеке менчик клиникага жаткырылышын ага карата артыкча мамиле катары мүнөздөдү.

Коррупцияга байланышкан бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Райымбек Матраимов  эбак эле коррупциянын символу катары эл ичинде аталып келген. Бийликтин алмашуусуна алып келген 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин, элдин негизги талаптарынын бири “Райым миллион” камалсын деген талап болгон.

Ооба бул окуялардын кийин, тагыраагы 20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Райымбек Матраимов кармалган. Бирок, коррупцияга айыпталган экс-бажычы мамлекетке 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүүгө убада берип, үй камагына чыккан. Анын кармалуусун коомчулук шоу деп атады. Ага себеп, май куюучу жайдан Матраимовдун колуна кишен салган адам өзүнүн эле аяш уулу экени айтылганы болду.

Ар арада Райымбек Матраимов келтирилген зыяндын 1,4 млрд сомун акчалай төккөн. Калган 600 миллион сомун кыймылсыз мүлк түрүндө — жалпысынан мамлекетке 9 батир жана бир соода борборун өткөрүп бергени жарыяланган.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Соттун өкүмү тууралуу прокурор да Матраимов да жооп берүүдөн баш тартышкан.

Өлкөнүн башкы коррупционери атыккан Матраимовго чыккан өкүм айрымдарга жаккан жок. Борбордо мыйзамдуулукту талап кылып, жарандар чогулуп нааразачылык акциясы уюштурулду.

Коомчулукта жаралган нааразы кептерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

Көп өтпөй Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысы боюнча кармалды. Бул жолу сот аны 2 айга камакка алды. Ал эми нааразычык акциялар уланды, бирок бул жолу Мараимовдун тарапташтары акыйкаттыкты талап кылып, митингге чыгышты.

Жаралган жагдайда көпчүлүк түшүнүксүз абалга кептелди. Жарандык активист Руслан Акматбек тергөө менен кызматташты деген Матраимов мүлктөрүн жашырып койгону кызык абалды жаратты дейт.

Баардыгы мыйзам чегинде чечилүүсү керек деген эл өкүлү Нурбек Тотонов эки жоон топтун ар биринин өз чындыгы бар деп эсептейт.

Ал эми депутат Кыдыралиев Матраимовдун күнөөсү барбы же жокпу сот гана чече турганын айтат.

Учурда  коомчулктун көңүл чордонундагы маселердин бир болгон  Матраимовдун тагдыры таразада. Деген менен бул окуяда коомчулук жооп ала албай келген суроолор өтө арбын болууда…

Количество просмотров: 1164