• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Матраимовдун өкүл баласы үй камагына чыкты

13 Үчтүн айы 2021 20:07 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык карап, аны үй камагына чыгарды. Отурумга журналисттер киргизилген жок.

«Соттун чечими менен Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Ал эч жакка кетпейт. Сайпидинов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок. Азырынча шек гана, расмий түрдө айып коюла элек. Алдыда дагы эки айлык тергөө бар», — деди адвокаты Динара Турдумаматова.

Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланган жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алган.

Количество просмотров: 97