• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдун коррупцияга байланыштуу отуруму жылды

9 Бирдин айы 2021 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү.

Отурум башталганда судья видеого тартууга тыюу салды. Сот залы тар болуп калганы айтылып, журналисттер сыртка чыгарылган.

Отурумдан чыккан Матраимов жана анын жактоочулары журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Соңку маалыматка караганда, кийинки отурум 18-февралга белгиленди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген.

Количество просмотров: 97