• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимовдун өнөктөшү делген ишкер Айэркен Саймаитини атып кетишти (Видео)

11 Жетинин айы 2019 11:02 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=fCr-uQzFF8o&feature=emb_title

«Азаттыктын» «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.

Белгилей кетсек, Айэркен Саймаити Кыргызстанда дагы иш жүргүзгөн уйгур ишкерлеринен. Анын ысмы «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» иликтөөсүндө аты аталган. Анда Айэркен Саймаитинин Матраимовдор менен байланышы айтылып, «Исмаил Ата» фондуна акча которгону белгиленген.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүүдө. 

Количество просмотров: 1642