• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимовдун тарапташтары Биринчи май райондук сотунда гимн ырдашты

19 Бирдин айы 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдына чогулган Райымбек Матраимовдун тарапташтары Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына келип топтолушту.

Топтолгондор «Эмнеге Кулматов камалбайт!», «Матраимовду бошоткула!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, жөө жүрүш менен келишти.

Ошондой эле алар имараттын алдынан гимн аткарышты.

Кошумчалай кетсек, ушул тапта Кара-Суу шаарында Исмаил Ата атындагы мечит астында да Матраимовдун тарапташтары нааразчылык акциясын уюштуруп жатышат.

Эске салсак, 18-февралда түштөн бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканы кабарланган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалган.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот ага 260 миң сом айып салып, мүлкүн жана банк эсептерин камактан бошотту. Матраимовго чыккан мындай өкүм коомчулукта түрдүү пикирге жем таштады.


Количество просмотров: 399