• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алканова Матримовду колдоо митингине чакырып жатат

19 Бирдин айы 2021 13:15 Бишкек Govori.TV

Журналист Эльнура Алканова фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Матраимовдун тарапташтары мыйзамдуулукту талап кылып, УКМКнын алдына чогула тургандыктарын билдирди.

«Достор, азыр маалыматтар бизге келип жатат, Матраимовту санкцияга алып барып эки айга камашат экен. Биз, Райымбек Исмаиловичтин тарапташтары УКМК алдында саат 14:30 чогулуп атабыз. Кайдыгер болбогон тарапташтар келиниздер! Тынчтык жолу менен мыйзамдуулукту талап кылабыз», — деп жазган Алканова.

Эске салсак, 18-февралда түштөн бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканы кабарланган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды.

«2021-жылдын 18-февралында УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 саат ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 389