АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Твиттердеги» баракчасына жазды.
«Бүгүн мен Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык тандем түзгөнү үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. АКШ коррупцияга каршы турат жана дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жоопкерчиликти күчөтөт» — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция киргизген.
