Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-мартта Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кине коюлган.
27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакта калтырды.
УКМК Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.
Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралды.