Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Райым Матраимов Кыргыз Өкмөтүнөн утуп алган миллионунан баш тартты. Бул туурасында анын жактоочуларынын бири Govori.TV. агенттигине билдирди.
Айта кетсек, Жогорку сот 17-майда өкмөт менен соттошуп келе жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун пайдасына чечим чыгарды.
Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.
Айта кетсек, Матраимовдун мыйзамсыз жумуштан алынгандыгы үчүн өкмөт 1 миллионго жакын акча төлөп бериши керек. Анткени 2016-жылдагы Матраимовдун кирешеси тууралуу декларациясында 587миң сом көрсөтүлгөн.