• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мавлян Аскарбеков, коомдук активист: «ЦАРИИнин Өкмөтү жакшы иштей албай жатат…

26 Бирдин айы 2018 14:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2018. Govori.TV

«Жаңы, жаш өкмөт, курамын өздөрү аныктап, билгендей иш кылышат дешип, Сапар Исаковдун Өкмөтүн технокрад деп аташып, көптү үмүттөндүрүшкөн. Тилекке каршы, жарым жылдын жыйынтыгы, бул өкмөттүн чабалдыгын көрсөттү». Бул тууралуу Govori.TVнын “Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгына жарым жыл толду, ишмердигине ичиңиз чыгабы?” деген суроосуна жооп берип жатып коомдук активист Мавлян Аскарбеков айтты.

Анын пикирине караганда. ТЭЦтеги, бажыдагы уурулук, ашынган коррупция, кызматчылардын орун алмашуусун реформа деп, коррупциянын уланышына шарт түзүлүп жатат. «Президент өз сөзүндө да ашынган коррупцияны айтты. Максим Бакиев экономиканы талкалап, кен байдыктарды, мүлктөрдү сатып, мамлекетти жалгыз талкалаган эмес, ЦАРИИ кызматкерлери баарын ишке ашырган. Мына ошол адамдар азыр да жогорку кызматтарда. Эгер Сооронбай Шарипович Бакиевдин катасын кайталабайм десе, жаңы, таза, профессионал адамдар менен жаңы өкмөт куруу зарыл. Өкмөттүн чабалдыгы үчүн эл тарабынан шайланган Президенттен сурак болот»,-дейт ал.

Эске сала кетсек бүгүн Сапар Исаковдун өкмөтүнө толук жарым жыл толду.

Количество просмотров: 26