• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Сапар Исаковду камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти

11 Жалган куран 202511:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтып, бүгүн, 11-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берген.

Жапаров маегинде Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевге чыккан өкүмдү эч ким өзгөртө албай турганын, ушундан улам аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатышканын кошумчалап, ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, “Эгер камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышканын айтты.

Ал ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков боюнча дагы комментарий берди.

«Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го», — деген.

Эске салсак, 2020-жылкы окуялар учурунда башка саясатчылар менен катар Сапар Исаков да абактан бошотулган. Ал эми Октябрдын аягында ага издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 1611