Бишкектеги MBANKтын башкы кеңсеси бомба тууралуу кабардан улам эвакуацияланды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 11-декабрда саат 15:00 чамасында милицияга аталган банктын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан имаратында жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана жетекчилиги барышкан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, бардык кызматкерлер эвакуацияланды.
Буга чейин дал ушундай эле кабардан улам «Манас» аэропортунан жана Азия Молл оюн-зоок борборунан жарандар эвакуацияланып, иш жүрүп жатканы кабарланган.