Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Айкөл Ала-Тоо» уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаев эртең 31-апрелде боло турган КСДП партиясынын съездине катышпайт. Себеби анын аты-жөнү делегаттардын тизмесинде жок экен. Бул тууралуу kaktus media жазып чыкты.
Мээрбек Мискенбаев мындан мурда Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керектигин айткан. Бирок Асылбек Жээнбеков бул «Мискенбаевге окшогон провакаторлордун чыгарганы»-деп жооп берген. Эми экөө тең эртеңки съездге катышуучулардын арасында жок экен.