• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэр: Өрттөнгөн Ош базар көчүрүлөт

13 Чын куран 2018 12:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV

«Ош базарын шаардын четине көчүрүү долбоору иштелип чыкты». Бул тууралуу бүгүн, Бишкектин жолдорун оңдоо иштери боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда мэр Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, шаардын четине бир гана Ош базары эмес, башка соода түйүндөрү дагы көчүрүлөт.

«Ош базары соода түйүндөрүнө толгон. Мындай соода жайлары айланма жолдун жанында жайгашышы керек», -деди Ибраимов.

Белгилей кетсек, бүгүн 13-апрелде Ош базардагы «Берекет» соода борборунда өрт чыгып, соодагерлер зыянга учурашты. Азырынча канча чыгым болгону тактала элек.

Количество просмотров: 14