• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мэрдин ишмердүүлүгүнө «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы кандай баа берет (видео)

27 Чын куран 2018 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек 27.04.2018. Govori.TV
Мэрдин ишмердүүлүгүнө Бишкек шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогрес» фракциясы сессиядан кийин баасын берет. Бул туурасында  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов Govori.TVсайтына билдирди.
«Республика-Ата Журт» фракциясы мэрдин отчетуна канаатандырарлык эмес деген баа бериптир. Мыйзам боюнча мэрдин жумушуна ишенбөөчүлүк же канаатандырарлык эмес деген баа сессия тарабынан берилет. Ишенбөөчүлүк боюнча демилгени  15 депутат же бир фракция көтөрсө болот же мэр өз ыктыяры менен кызматынан кетсе да болот. Ошондуктан эртеңки күнү «Республика-Ата Журт» фракциясы сессияда канаатандырарлык эмес деп көтөрсө, ал сессияда талкууланат. Бул жерде фракция же депутат кандай баа беришке  укугу бар. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы отчетун сураган эмесбиз, бааны сессиядан кийин беребиз» -дейт Аматов.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясы жабык эшик арсаныда мэрдин отчетун угуп, канаатандырарлык эмес деген баа беришкен.
Количество просмотров: 18