• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мэриянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

9 Баш оона 2018 10:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы кызмат абалын кыянат пайдалануу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, фискалык көзөмөл органдары Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушундагы авто жолдун курулушун текшерпүү учурунда аталган башкармалыктын кызматкерлери  “М.Г” ЖЧКсы менен тендердин жыйынтыгы боюнча 97 536 900 сомдук келишим түзүшкөн. Бирок, курулуштун сапаты, колдонулган материалдар менен аткарылган иштин көлөмү тендердин техникалык тапшырмасындагы талаптарга жооп бербей турганы анык болгон.

Натыйжада, мэриянын жооптуу кызматкерлеринин айынан бюджет 6 473 437 сомго чыгашага учураганы аныкталган. Бул боюнча териштирүү иштери улантылат.

Количество просмотров: 4