• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт

3 Баш оона 201816:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.
Өлкө аймагындагы мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт. Мусулмандар дин башкармалыгынан 3-августта кабарлашкандай, муфтий Максатбек Токтомушев тийиштүү буйрукка кол коюп, машыгууларды өткөрүү боюнча тапшырма берди.
Өрттү болтурбоо үчүн кургак жайлардын айланасын тазалоо, өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү, керектүү жабдыктардын болуусун камсыздоо жана ыктыярдуу кошуундарды түзүү тапшырмасы камтылган. Муну менен катар элдик кошуундар жана тургундар менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгуулары күтүлүүдө.
Мында ӨКМ жана өрт өчүрүү кызматтары менен биргеликте иш алып баруу тапшырмалары камтылган.
Эске салсак, 2018-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкектеги Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте өрт кырсыгы катталган. Кырсык электр жабдыктарынан тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам келип чыкканы белгилүү болгон.

 

Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!
Количество просмотров: 25