• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мечиттерде акча менен телефон уурдап жүргөн шектүү кармалды

28 Тогуздун айы 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматыкабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-майда борбор калаанын тургуну жума намазга мечитке барган. Аял намаз окуп жатканда ууру анын капчыгын уурдап кеткен. Анын ичинде 36 миң 400 сом жана уюлдук телефон болгон. Аталган факты Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү («Уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

19-июль күнү кечинде мечиттен дагы бир аялдын телефону уурдалган. Бул факты да Жоруктар кодексинин 90-беренесинин 1-бөлүгү («Уурдоо») боюнча КЖБРге катталган.

«Свердлов РИИБдин 3-шаардык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1992-жылы туулган М.У. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 442