• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Медакадемияга ректор шайланды

29 Бугу 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-майда Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жаңы ректорду шайлоо өтүп, кайрадан Индира Кудайбергенова шайланды. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Катышкан 731 профессор, окутуучунун 698и Кудайбергеновага добуш берди. Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты.

Жетекчилик кызматка 4 талапкер ат салышкан. Алар: медицина илимдеринин докторлору,профессорлор Зиябидин Айдаров, Эркин Алымбаев, Индира Кудайбергенова, Жолдошбек Шаршенбиев.

Индира Кудайбергенова 2000-2016-жылдары бул окуу жайда проректор, ректордун милдетин аткаруучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 2016-жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келген.

Количество просмотров: 635