• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Медер Алиевдин ордуна комитет жетекчиси ким болду?

2 Бештин айы 20229:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин төрагалыгына «Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова шайланды.

Парламенттин 1-декабрда өткөн жыйынында Султанбекованын талапкерлигине 81 депутат «макул», экөө «каршы» добуш берди.

Эске салсак, 30-ноябрда Медер Алиев аталган комитеттин төрагалыгынан кеткен. Ал мындай чечимди кабыл алууга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун айткан.

Количество просмотров: 194