Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстандын футбол бирлигинин аткаруу комитети президент Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы жетекчи шайлашты.
Президенттикке эки талапкер ат салышты. Алар: федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов жана федерациянын мурдагы баш катчысы Медер Сыдыков. 28 делегаттын 24ү Медер Сыдыковго, Султановго үчөө добуш берди.
2019-жылдын февраль айында шайланган Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлиги уюмунун президентигинен өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетери октябрдын башында белгилүү болгон. Ал мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган Семетей Султановдун ордуна келген болчу. Маматов парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын тапшырганы кабарланган.