• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Медеров көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң ачылды

4 Теке 20259:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштеринин алкагында, жол тилкесинин эски катмары сыйрылып, 2 катмар асфальт басылды. Андан сырткары, жолдун эки четиндеги бордюрлар алмаштырылды. Ирригация тутуму иретке келтирилди.

Ошондой эле бардык жол белгилери чийилип, керектүү белгилер орнотулду. Жол айрым жерлерде 5 тилкеге чейин кеңейтилип, кесилиштерде бурулуштар үчүн кошумча тилкелер каралган.

Алдыда жарыктандыруу тутумун жаңылоо, аялдама комплекстерин куруу сындуу кошумча жумуштар жасалат.

Бул жаңылануу унаа кыймылын иретке салып, тыгындардын алдын алууга багытталган.

Количество просмотров: 165