• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Медетбек Букуев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

29 Үчтүн айы 202117:56 Бишкек Govori.TV

Букуев Медетбек Омошевич президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 26-январда президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон.

Медетбек Букуев 65 жашта. Профессор, Кыргыз улуттук университетинде иштейт. Кыргызстандын кичи футбол боюнча ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Букуев 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 33-орунда болчу.

Количество просмотров: 197