Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.
Медиа секторунун өкүлдөрүнүн айтымында, иштеп жаткан «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамдар анча -мынча жакшыртууларга гана муктаж экендиги мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жумушчу топко кабарланган.
Алар ошондой эле бул топто бир дагы журналист жок экенин белгилеп, мындан улам мыйзамдардагы өзгөрүүлөр медиа коомчулуктун кызыкчылыгында болбойц калуусу мүмкүн дешүүдө.
«Биз каршы пикирибизди медиа мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштап, талкуулап жаткан эксперттик топко жибердик. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигине шек келтирет. Бул мыйзамдарды журналистикадан алыс адамдар талкуулап, жокко чыгарууну сунуштап жатканы кейиштүү», — деп билдирди медиа эксперт Семетей Аманбеков.
Кошумчалангандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, «Маалымат каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» эки мыйзам бириктирилмекчи.