• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Медиа полиси институту” SuperTV каналы боюнча кайрылуу жасады

20 Бугу 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

SuperTV телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин имаратына киришине тыюу салынышы мыйзамсыз. Бул тууралуу «Медиа полиси институту» тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы каналдын журналисттеринин аккредитациясын жокко чыгаруу менен “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө эрежени” бузган.

“Медиа полиси институту” парламенттин басма сөз кызматы SuperTV телеканалынын кызматкерлеринин каттоосун комиссиянын чечими жок эле чакыртып алганын белгилейт.

«Медиа полиси институту” SuperTV телеканалынын кызматкерлери Ак үйдүн имаратына эки күндөн бери жумушка кире албай жатканына, маалымат ресурсунун аккредитацияланган журналисттеринин айланасындагы түзүлгөн кырдаалга өзгөчө тынчсыздануусун билдирет. Жогорку Кеңештин жооптуу адамдарынын мындай позициясы редакциянын журналисттеринин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоол болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, SuperTV телеканалынын бардык кызматкерлерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынган. Буга журналист Тахмина Кенжебек кызы менен депутат Надира Нарматованын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон.

Количество просмотров: 112