• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Медицина кызматкерлерине кенемте төлөө тартиби бекилип, атайын комиссия түзүлдү

7 Бугу 2020 10:42 Бишкек Govori.TV

Медицина кызматкерлерине кенемте төлөө тартиби бекилип, атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, иш үстүндө илдетке кабылган медкызматкерлерге 200 миң сом каралган. Ал эми медкызматкерлер каза болуп калса 1 млн сомдук кенемте төлөнөт.

«Өкмөттүн атайын чыккан буйругуна ылайык, медкызматкерлерге кенемте төлөө тартиби бекилип, Саламаттык сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын чечими менен кенемте төлөнүп берилет. Ошондой эле Эмгек кодексинде да карала турган маселелер бар. Анын баары мыйзам чегинде аткарылат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 224ү медицина кызматкери. Илдеттен 637 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Количество просмотров: 65