• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушун иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

3 Кулжа 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

«Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолунун курулушун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу чечим бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясы сунуштады.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

  • Саматбек Ибраев (КСДП);
  • Максатбек Эгембердиев (КСДП);
  • Марлен Маматалиев (“Республика-Ата-Журт”);
  • Акыл Кемелов (“Республика-Ата-Журт”);
  • Султанбек Анарбаев (“Кыргызстан”);
  • Улугбек Садиков (“Кыргызстан”);
  • Уланбек Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”);
  • Мейкинбек Абдалиев (“Өнүгүү-Прогресс”);
  • Аманкул Токтомамбетов (“Бир Бол”);
  • Нурбек Мурашев (“Бир Бол”);
  • Бурул Аманова (“Ата-Мекен”);
  • Абдылдаев Шералы (“Ата-Мекен”).
Количество просмотров: 1097