• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Медициналык академиясынын ректорун шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды

28 Бугу 2021 10:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кол койгон буйрукта айтылат.

Эскерте кетсек, шайлоо 29-майда өтүшү керек болчу. Аталган кызматка төрт адам талапкер: медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.

Белгилей кетсек, бул буйрук Шадыханов таратынан кечээ, 27-майда эле эртеңки күн менен кабыл алынганы талкуу жараткан эле.

Количество просмотров: 78