Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Булан институту Кыргызстандагы медреселерди жана башка Ислам окуу жайларын реформалоо концепциясынын аткарылышын талкуулады. Талкууга диний аалымдар жана эксперттер катышты.
Кыргызстанда бир Ислам университети жана тогуз ислам институту бар. Өлкөдөгү диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн медреселер түзөт. Республика боюнча 102 медресе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн болсо, учурда алардын 78и расмий түрдө иштеп жатат.
Буга чейин Кыргызстанда светтик билим менен диний мектеп бири-биринен обочолонуп, кызматташтык жок болгондуктан ортодо ажырымдын байкала баштаганын серепчилер айтып келишкен. Эксперттер коомдо диний окуу жайда окуган жаштар менен светтик билим алган жаштар арасында тирешүү күч алып, бири-бирине кастык мамиле өкүм сүргөнү жакшылыкка алып келбесин белгилешет.Мындан улам Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңеши 2014-жылы атайын жыйын куруп, 2014-жылдан 2020-жылга чейин дин маселелери боюнча мамлекеттик саясат тууралуу концепцияны кабыл алган.
Концепцияда коюлган максаттардын бири — диний билим берүү мекемелерин реформалоо, сапатын жакшыртуу жана көзөмөлдү күчөтүү болгон. Кыргыз өкмөтү 2015-жылы сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ түзүп, “Диний билим берүү жана дин таанууну окутуу мекемелерин реформалоо боюнча концепцияны” иштеп чыгууну тапшырган. 2016-жылы концепция даяр болуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия аны коомдук талкууга алып чыккан. Концепциянын негизги максаттарынын бири – диний окуу жайлардын программасын калыпка салып, бир беткей окутуу программасын кабыл алуу жана ага светтик сабактарды киргизүү эле. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы быйыл ошол концепциянын жобосун коомдук талкууга алып чыкты. Коомдук талкууга катышкан айрым медресе башчылары бул жобону жакшы түшүнө электигин айтса, кээ бири таптакыр каршы экенин да билдирди. Бирок көпчүлүгү колдоого алып, турмушка ашышына жардам беребиз деп убада беришти.
Булан институту диний билимдин сапатына арналган бир нече баяндама жарыялады. Анда медреселердин көбү Куран жаттатуу менен гана чектелерин, китепканалары жоктугун, айрым медреселерде балдар полго сызга отуруп окушарын жазып чыккан. Чынында медреселерди ирилештирип, талапка жооп бербегенин жаба турган мезгил келди. Мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашырыш үчүн Диний окуу жайларды реформалоо концепциясын жана анын жобосун турмушка ашыруу керек. Айрыкча медреселерге 9-классты бүтө элек баланы албашы керектигин катуу текшерип, көзөмөлгө алуу керек. Ошондой эле окуу программаларын жакшыртуу жана светтик сабактарды киргизүү керектигин эксперттер баса белгилешет.