• Ишенби 10 Кулжа 2023
  • Суббота 10 Июнь 2023

Медведев кетип баратат, Путин келатат

7 мая 2018 в 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.05.2018. Govori.TV

Бүгүн, 7-майда Кремльде Орусиянын төртүнчү жолу шайланган президенти Владимир Путин ант берип, кызматына киришет. Бул тууралуу анын маалымат катчысы билдирген.

Анда белгилүү болгондой, акыркы шайлоодо жалпы шайлоого катышкан калктын 77 пайызынын добушуна ээ болгон Владимир Путин кайрадан өз ишин улантып, Орусиянын тарыхындагы эң узак башкаруучу катары кызматын аркалайт.

Маалыматтарда жазылгандай, эртең ал Орусиянын Димитрий Медведев жетектеген өкмөтүн отставкага кетирип, дароо эле жаңы министрлер кабинетинин курамына сунушун Мамлекеттик Думага  жөнөтөт.

Ошол эле мезгилде Москвада Александр Навальный башында турган оппозициялык топтор Путиндин антын утурлай каршылык митингдерине чыгып, элдерди “ал биздин падыша эмес” деген ураандын алдына бириктирүүнүн аракетин жасап жатат.

 

Количество просмотров: 13