• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мээрбек Мискенбаев суракка чакырылды

2 Тогуздун айы 201910:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев суракка чакырылды.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Мискенбаев ИИМдин Тергөө кызматына Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу суракка чакырылды.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын алты аскерин 7-августта барымтага алып, эртеси коё беришкен.

Количество просмотров: 143