Балбан кыз Мээрим Жуманазарова социалдык тармактагы баракчасы
аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасап, жеңишин элге арнаганын билдирди.
«Кыргызстаным жана кыргыз элим, Парижде өткөн Олимпиадада уткан күмүш
медалым Сиздерге арналат! Мен Кыргыз Республикасында, дал ушул үй-бүлөдө
төрөлгөнүм үчүн жана ошондой эле Париждеги Олимпиаданын медалын буйруп
койгон Алла Таалама чексиз шүгүр келтиремин.
Бул күнгө чейин далай сыноолорду баштан өткөрдүк. Аларга ар бириңиздер
күбөсүздөр… Тулку боюм менен жан дүйнөмдүн ооруганын тынымсыз аккан маңдай
тер менен басууга колдон келишинче аракет кылып жаттым.
Эгер бул медаль менен аз да болсо элимди даңазалоого салым кошо алсам, анда ар
бир баштан өткөн сыноого рахмат айткым келет.
Кыргызстаныбыз гүлдөй берсин! Кыргызстандыктар түбөлүк тынчтыкта бактылуу
өмүр сүрө берсин!», — деп жазды балбан кыз.
Мээрим Жуманазарова Париждеги Олимпиада 2-орунду ээлеп, күмүш медаль
тагынды. Ал Токиодогу Олимп оюндарында коло медаль уткан. Жуманазарова
Олимпиададан 2 медаль уткан Кыргызстандагы биринчи спортчу болду.