• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

MegaStore: 15 мүнөт жана кыялыңыздагы смартфон сиздики

29 Жалган куран 2019 16:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.

MegaStore жаңы форматтагы Сатуу жана тейлөө борборунун ачылгандагы тууралуу маалыматты, башкалар сыяктуу эле, телефонума келген  SMS-билдирүүдөн билдим. Байланыш кызматтары боюнча кызыктырган суроолорду берип, кеп-кеңеш алуудан тышкары, жаңы ачылган байланыш салонунда баштапкы төлөмсүз жана  мөөнөтүн узартуу менен смартфон сатып алууга боло тургандыгы мени кызыктырды. «Абдан ыңгайлуу экен», − деп ойлонуп калдым. Журналисттик кызыгуум үстөмдүк кылып кетти көрүнөт. Ошол замат эле Кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси Султанов Сыймык менен жолугушуу белгилеп, MegaStore толук маалымат берүүсүн  сурандым.

— Кутмандуу күнүңүз менен, Сыймык!  Сиздердин компаниянын  Сатуу жана тейлөө борборлорунун адистери байланыш кызматтары боюнча абоненттерге сапаттуу тейлөө көрсөтүп,  кызыктырган суроолор боюнча кеп-кеңеш беришет эмеспи.  MegaStore салону алардан эмнеси менен айырмаланат?

— Кутмандуу күнүңүз менен!  MegaCom MegaStore салону − жаңы муундагы заманбап кеңсе. Жаңы тейлөө борборунун босогосун аттаганда эле сөзүбүздүн чындык экендигине ынанасыз. Бул жерден балансты толуктап, SIM-карта алмаштырып, чалуулардын деталдоосун алып, байланыш кызматтары тууралуу суроолорго жооп алуу менен чектелбестен, мобилдик телефондорду, алардын тетикчелерин жана башка гаджеттерди  сатып алууга да болот. Алардын түрлөрү көп жана баалары абдан ыңгайлуу. Эң башкы артыкчылыгы − смартфондорду  ыңгайлуу шарттарда жана төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алууга боло тургандыгында.

— Узартып төлөө тууралуу айтып берсеңиз? Кантип жол-жоболоштурууга болот?

— Узартып төлөө жашы 18ден жогору болгон бардык кардарларыбыз үчүн жеткиликтүү. Баштапкы төлөм талап кылынбайт жана 15 мүнөттүн ичинде жол-жоболоштурууга болот. Бул үчүн паспорт, айлык акы тууралуу маалымкат/ айлык акы долбоору боюнча тейлеген банк (КРдин каалаган банкы) тарабынан берилүүчү көчүрмө гана талап кылынат. Узартып төлөө  MegaStore-до «Бакай» банкы менен өнөктөштүктө таризделет. Аталган банк тарабынан  MegaStore кардарлары үчүн «МегаУзартып төлөө» акциясы боюнча ыңгайлуу шарттар каралган, тактап айтканда: 10 000 сомдон 100 000 сомго чейинки каржылоо суммасы 1 айдан 18 айга чейинки мөөнөткө берилет. Алдын ала- төлөм абоненттин жеке каалоосуна жараша жүргүзүлөт. Наркы 10 000 сом жана андан жогору болгон бардык смартфондорду узартып төлөө жолу менен сатып алууга болот.

— Айрымдар смартфондорду баасына жараша тандаса, айрымдар белгилүү брендди гана тандайт жана башка варианттарга кызыкпайт. Бул жерде ар бир кардардын табити башкы орунда турат эмеспи. MegaStore өз кардарларына түзмөктөрдүн кеңири түрлөрүн сунуштай алабы?

— MegaStore салонуна келген ар бир кардар өзүнүн көңүлүнө төп келген телефонду тандап алса болот. Xiaomi, LG, Huawei, Samsung, Apple дүйнөлүк бренддеринин смартфондорун жана аксессуарларын жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча алардан кем калбаган  Olmio, Honor, Fly бренддеринин телефондорун, жана да  Xiaomi, Apple жана Huawei түзмөктөрүн  колдонгон кардарларыбыздын саны арбын. Бирок, албетте, тандоо ар бир кардардын табитине жараша болот.

— Телефонду сатып алууга чейин ар бир моделдин мүнөздөмөсү менен таанышып чыгыңыз. Компаниянын иш билги адистери уюлдук оператордун тарифтери, кызматтары боюнча Сизге кесипкөй кеп-кеңештерин беришет. MegaStore кеңсесине күн сайын орто эсеп менен 200гө чамалуу кардар келет. Ар бир кардарды чын дилден чыккан сылык мамиле  күтөт.  

— Кооз жасалгаланган жаңы форматтагы кеңселерде абоненттердин ыңгайлуулуктары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Күтүү залында жумшак жапыз отургучтар, мобилдик телефондорду кубаттандыргычтар коюлган. Кардарлар атайын демо-столдордо  жаңы телефондорду тестирлөөдөн өткөрө алышат.  MegaStore салондорунун «Чынар» соода борборунда  жана  «Дордой»базарында жайгашкандыгы да кардарлар үчүн ыңгайлуу. Жакынкы жарым жылдын ичинде  MegaCom компаниясы өлкө боюнча 40 жаңы форматтагы кеңсе ачууну мерчемдөөдө. Биз дем алышсыз жана тыныгуусуз иштейбиз. Бизге келип, өзүңүзгө жана жакындарыңызга белек тандап алыңыз!

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем!

Маектешкен журналист Назгуль Бегалиева 

Теги:
Количество просмотров: 27