• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды

21 Теке 2023 17:06 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды.

Маалыматка ылайык, 20-июлда түнкү саат 04:18де калаадагы мейманканалардын биринде дүрбөлөң баскысы басылып, айтылган дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

Күзөтчү мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенгендерди видеобайкоо аркылуу көрүп, дүрбөлөң баскычын баскан. Жерине барган ыкчам топ окуяга шектелүү делгендерди кармаган. Алар 25 жана 17 жаштагы жигиттер болушкан.

Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 122