Бүгүн 8-августта Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий комплексинде «Мекендештер-2018» форуму өтүп жатат. Бүгүнкү форумда дүйнөнүн ар бурчунда иштеп жүргөн мигранттар негизги конок катары чакыртылган. Мамлекеттик миграция кызматы белгилеп өткөндөй форумдун негизги маанилүүлүгү чет жактарда эмгек мигранты болуп жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн кайталангыс чоң аянтча болмокчу. Биздин агенттикке Улуу Британияда тергөөчү, нано техналогиядарды медицина тармагында өнүктүрүү боюнча адис болуп эмгектенген Асель Садырбаева маек берди. Ал бул форумга биринчи жолу катышып жатканын айтат. Асель Садырбаева үчүн Билим берүү темасы аябай кызыктуу тема. Анткени ал ушул Билим берүү тармагында эмгектенет. Ал көбүнчө мектептеги жана бала бакчадагы билим берүүгө кызыктар. «Биз илимпоздор мектептеги билим берүүнү кызыктуу жана сапаттуу болуусуна кызыктарбыз. Баланы кичинесинен баштап химия, физика, математика сабактарына кызыктыруу керек. Азыркы учурда көп жаш балдар бул сабактарга болгон кызыгуусун эрте жоготот»,-деп билдирди.