• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Мекендештер» форумунда чет жактарда жүрүп, ийгилик жараткан кыз-келиндерге дагы сөз берилди

8 Баш оона 201817:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV

Жыйында чет жактарда жүрүп ийгилик жараткан кыз-келиндерге дагы сөз берилди. Ийгилик жараткан айым катары Борончиева Жанараны көрсөтүүгө болот. Ал Дубайда 7 жылдан бери жашайт жана эмгектенет. Ал бул кооз шаардан көп жетишкендиктерге ээ болгонун айтат.

Жанара айым жакшы жетишкендиктерге жетишкен кыргыз айымы. Алар ар түрдүү иш-чараларды кыргыз жылдыздарынын катышуусунда өткөрүп жатканын белгилеп өттү.

Мындан сырткары кыргыздын тарыхый, көркөм фильмдерин дагы көрсөтүп, көп аракеттерди мекендештери үчүн көрүп келет.

«Кыргызстанцы за рубежом» деген ФБдагы баракча аркылуу алар мигранттар менен дайыма байланышта болуп, кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча байланышып турушат. Кыргыз айымы Кыргыз өлкөсүнүн жакшы жактан атынын чыгып туруусун каалайт. Бирок Араб өлкөсүндө Кыргыз мамлекетин көпчүлүгү билбейт экен. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам берип келе жатканын дагы жашырган жок.

Количество просмотров: 11