• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады

16 Аяк оона 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады.

Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет.  Бул  максатты ишенимди — элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. “Мекеним-Кыргызстан” партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, — деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. 

Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар.

Үлгүлүү үй бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары  райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. 

Эгемендике жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 85