• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мекке шаарына кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди

27 Кулжа 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

Мекке шаарына кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ажыларды тосуу саамалыгына 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери барып, Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырышты.

«Медина шаарынан Мекке шаарына чейинки аралыкта ажыларга ыйык Харам мечитине кирүү шарттары жана умра кылуунун шарияттагы орду, тартиби түшүндүрүлдү. Муну менен катар Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү графиктерди сактоону түшүндүрдүк»,-деди ажы башчы Абдулла кары Акпарали уулу.

Белгилей кетсек, Мекке шаарына жалпы 2766 кыргызстандык жаран ажылык амалын аткаруу үчүн келишти.

Количество просмотров: 199