• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мектеп директорлорун тандоо. Бишкек жана Ошто 2-айлампа жарыяланды

30 Аяк оона 2022 10:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 29-сентябрынан 9-октябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Количество просмотров: 133