Билим берүү жана илим министрлиги С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректорлук кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Сынактык тандоого 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.
Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 8-октябры.
Документтерди кабыл алуунун аякташы: 2024-жылдын 21-октябры, саат 18:00.
Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч. 257., КР Билим берүү жана илим министрлиги, 210-бөлмө
Сурап билүү телефону: 0312 66-47-19, (КР Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Мадина Касымова).