• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мектеп директорлорун тандоо: Ошто тестирлөө 7-октябрда өтөт

4 Тогуздун айы 2022 11:22 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Ош облусунун мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн экинчи айлампасы өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, компьютердик тестирлөө Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Тестирлөө үч нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 160дан талапкер катышат. Жалпы ваканттык орундардын саны 172ни түзөт.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча мектеп директорлорун тандоо сынагынын биринчи айлампасы 11-августтан 30-августка чейин өткөн.

Количество просмотров: 168