• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү

30 Теке 20249:13 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жыйынтыкталды. 26-июлда өткөрүлгөн сынакта жалпысынан 28 мектепке талапкерлигин койгон жаңы директорлор босого упай жогору балл топтой алган:

— Бишкек шаарында – 3,
— Ош шаарында – 1,
— Баткен облусунда – 3,
— Жалал-Абад облусунда – 5,
— Чүй облусунда – 2,
— Нарын облусунда – 4,
— Талас облусунда – 1,
— Ош облусунда – 8,
— Ысык-Көл облусунда – 1.

Количество просмотров: 185