Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV.
Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында окуучу асынып алган 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча мектеп мугалимдери суракка алынып, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү КР Билим берүү жана Илим министрлигине түшүндүрмө жиберишкен.
Анда, мектеп директорунун берген маалыматы боюнча Ырымбеков Жеңиш 9-класстын окуучусу, класстагы жакшы окуучулардын катарында болгон. Мектеп директорунун айтымында каза болгон бала атасы менен мамилеси келишпей ага таарынган боюнча өз үйүндө муунуп алган.
«Ал эми окуучулар ортосунда эч кандай чыр чатак болбогонуну айтышууда»,-деп жазылат түшүндүрмөдө.
Белгилүү болгондой өз жанын кыюу фактысынын себеби аныкталууда.
Эске салсак, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында окуучу асынып алган. Ал жергиликтүү мектептердин биринде 9-класста окучу. Кээ бир маалыматтар боюнча, анын мындай кадамга барышына жогорку класстын окуучулары менен болгон жаңжал себеп болгон.
Мындан тышкары буга чейин милиция кызматкерлери каза болгон окуучунун ата-энесинен алардын уулу достору менен бирге 10-класстын окуучусун сабап койгону үчүн 7 миң сом талап кылышканы тууралуу маалымат жарыяланган. Учурда бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык текшерүү башталып, аны ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.