• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Мектеп курууда 24 миллиондон ашык сомго зыян келтирилгендиги аныкталды

28 Бештин айы 202014:01 Бишкек Govori.TV


Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районунун
Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө
мамлекетке 24 млн. 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгендигин
аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Атап айтсак, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш»
жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго
келишимдер түзүлгөн жана 2019-жылдын 5-сентябрында мектеп
пайдаланууга берилген.

Бирок, райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн
жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнун кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле, айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен.

Бул факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 49