• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркиядан 35 автобус алынып келинет

22 Тогуздун айы 202411:51 Бишкек Govori.TV


Бишкекте жалпы 1376 автобус бар. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Күн сайын каттамга 1070 автобус, 108 троллейбус чыгат. Анын айтымында, 20-ноябрга чейин Түркиядан 35 автобус алынып келинет.

«Манас аэропортуна каттаган №153 автобус сыяктуу жаңы автобустар, экспресс-автобустар болот. Анткени, бардык автобекеттер шаардын сыртына жылдырылып, автобустар ошол бекеттерге барышат», — деди ал.

Количество просмотров: 127