• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалим сынга калды (пикирлер)

16 Бирдин айы 2023 11:48 Бишкек Govori.TV

Күчүктү мектепке алып келген окуучуну урушкан мугалимге эскертүү берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кыматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, окуя Баткен облусунун Кадажай районунудагы Чынгыз Айтматов атындагы мектепте болгон. Анын видеосу соцтармактарга тараган. Анда мугалим мектепке күчүктү баштыкка салып алып келген окуучу тууралуу айтып, аны ким алып келгени боюнча сурап жатканы тартылган.

Мындан соң аталган видеонун экинчи бөлүгү да чыккан. Анда мугалим күчүк алып келген окуучуну урушуп, түртүп жиберген.

Бул окуя коомчулук тарабынан катуу талкууга алынып, мугалимдин дарегине бир катар сындар айтылган.

Количество просмотров: 1686