• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мектепте акча чогултууга каршы ата-энелер митингке чыгышты

2 Тогуздун айы 2019 12:33 Бишкек Govori.TV

Мектепте акча чогултууга каршы ата-энелер Жогорку Кеңештин алдына митингке чыгышты.

Акцияга чыккан жыйырма чакты адам министрликтин акча чогултууга тыюу салган жаңы буйругуна карабастан мындай көрүнүш дале уланып жатканын билдиришти.

Чогулгандар менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мээрманова жолугуп, акчаны мугалимдер эмес, ата-энелер түзгөн фонд чогултарын, андай фонддордун ишмердүүлүгүнө мыйзам уруксат берерин, акча чогултууну токтотуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керектигин айтты.

Нааразылыкка чыккандар ал фонддордун ишмерүүлүгү ачык-айкын болбогондуктан канча акча чогулуп, кантип короп жатканы тууралуу маалымат жок экенин айтышты.

Количество просмотров: 51