• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Мектепте окуучу асынып алган

19 Бирдин айы 2025 11:45 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында мектеп окуучусу спорт залда өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 5-февралда жергиликтүү мектептин спорт залында болгон. Дене тарбия мугалими турникке асылып турган 17 жаштагы кызды таап, биринчи жардам көрсөткөн. Тез жардам чакырылып, окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок кыз 14-февралда реанимацияда каза болгон.

Аталган факты каттоого алынып иш ачылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 312