• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Мектептеги кырсыктан жаракат алгандардын абалы айтылды

18 Бугу 20229:50 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам жабыркагандардын арасынан  мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун жалпы медициналык практика борборуна 16 адам жеткирилген.

«Экспертизадан кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Диагнозу: «бир аз коркуу, стресстик абал». Баарынын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.

Теги:
Количество просмотров: 387